Биз менен байланышыңыз

Президент Абу-Дабинин мураскер ханзаадасы менен расмий жолугушту

Кыска кабар | 12 Дек 2019 | 533 | 0

Президент Сооронбай Жээнбековдун Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы, БАЭ Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы командачысынын орун басары Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян менен расмий жолугушуу аземи бүгүн, 12-декабрда Абу-Даби шаарындагы «Каср Аль Ватан» Сарайында болду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына кечээ, 11-декабрда, Мухаммед Бин Заед Аль Нахаяндын чакыруусу менен келген.

Ардактуу кароол тизилип, Кыргызстан жана БАЭнин гимндери жаңырды. Президент Сооронбай Жээнбеков жана Абу-Дабинин Мураскер ханзаадасы Мухаммед Бин Заед Аль Нахаян Ардактуу кароолдун Командачысынын рапортунан кийин Сарайга өтүшүп, фойеде кол кысышып учурашуу жана сүрөткө түшүү болду.

Сооронбай Жээнбеков жана Мухаммед бин Заед Аль Нахайян расмий делегациялардын мүчөлөрү менен тааныштырылды. Андан соң Кыргыз Республикасынын Президенти Ардактуу меймандар китебинде эстелик кол жазмасын калтырды. Андан ары тараптар кеңири курамдагы сүйлөшүүлөрдү өткөрүшүп, Президент Сооронбай Жээнбеков жана Мураскер ханзаада Мухаммед бин Заед Аль Нахайян чакан курамда эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашат.

Copyright © 2017 Maral FM