Биз менен байланышыңыз

БАЭ ОПЕК+ келишимин бузганын моюнга алды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 627 | 0

Расмий Абу-Даби мунай өндүрүшүн кыскартуу боюнча ОПЕК+ келишимин бузгандыгын жана август айында пландан ашыкча мунай казып алгандыгын мойнуна алды. Мындай кадамга Бириккен Араб Эмираттары ысык аба ырайынан сактануу үчүн баргандыгы айтылууда.

Август айында БАЭ күнүнө 100 миң баррелден ашык мунай өндүрүп турган. Башында  блогерлер байкаган. Кийинчерээк, бул маалыматты Бириккен Араб Эмираттарынын энергетика жана инфраструктура министри Сухайл аль-Мазрави тастыктады.

«БАЭ мунай өндүрүшүн күнүнө 2,69 миллион баррелге чейин көбөйттү. Бул электр энергиясына болгон талапты канааттандыруу чарасы катары жасалды», — деп жазды министр Твиттерде.

Khaleej Times гезити билдиргендей, БАЭде август айында күндүз абанын табы +40…+50 градуска жеткен. Мындай учурда электр энергиясына болгон суроо-талап көп болот.

Нефть продуктулары жана газ БАЭде электр энергиясын өндүрүүдө колдонулган негизги отун. Август айында өлкө Араб дүйнөсүндө биринчи атомдук электр станциясын пайдаланууга берди. Станция өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгынын төрттөн бирин камсыздай алат.

Мунай рыногундагы ашыкча сунуш менен шартталган баанын кескин төмөндөшүнөн улам келип чыккан кризистен кийин мунай өндүрүүчү өлкөлөр апрель айында дүйнөлүк мунай өндүрүшүн күнүнө 9,7 миллион баррелге чейин азайтууга макул болушкан. Бул чара өз натыйжасын берип, дээрлик нөлгө түшкөн мунай заттын баасы көтөрүлө баштады.

Copyright © 2017 Maral FM