Биз менен байланышыңыз

Бензин дагы 10 сомго кымбаттайт

Саясат , Экономика | 22 Окт 2021 | 1493 | 0

Кыргызстанда мунайзатына болгон баанын өсүүсү дале уланууда. Өлкөдө жыл башынан бери бензин менен дизелдин баасы кескин кымбаттай баштаган. Бензинге болгон таңкыстыкты чечүү максатында Кыргызстандан сыртка ташууга тыюу салынып, чийки мунайды чет өлкөдөн алып, Кыргызстанда бензин өндүрүү жолун да карашкан. Бирок, аталган чаралардын бири да ишке ашпай, Орусияга болгон көз карандылык күчөп, ноябрда дагы 10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн экени айтылууда. Өлкө бензинге болгон керектөөнү кантип чечет? Алдыда кененирээк токтолобуз.

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдиргендей, Орусиянын нефти иштетүүчү заводдору октябрь айынын башында дүң бааларды кескин жогорулаткан. Буга байланыштуу Кыргызстанда бензин ноябрда 9-10 сомго чейин кымбатташы мүмкүн. Мунай базарындагы соңку жагдай бүтүндөй өлкөнү тынчсыздандырып турат. Себеби бензиндин кымбаттоосу менен башка товарларга болгон баалар да өсүшү мүмкүн.

Мындай оор абалдын алдын алуу үчүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы Өкмөткө бир канча сунуш менен кайрылган.

«Бензин ноябрда 8 сом 90 тыйынга чейин кымбатташы мүмкүн деп жатабыз. Мүмкүн эмес болчу, эгерде санап келе турган болсок, ошончого көтөрүлүшү мүмкүн деп күтүп жатабыз. Себеби Орусияда дүң бааларды акыркы эле октябрь айынын башында көтөрүп коюшту. Бензин көтөрүлсө, башка товарлардын баалары да кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Алдын ала чара көрүү максатында кечээ кечинде өкмөткө барып, өкмөт  башчынын биринчи орун басары менен жолугуп, талкууладык. Сунуштарыбыз боюнча кыскача айтканда, биз акциз салыгын төмөндөткүлө деп жатабыз, ошондой эле кошумча нарк салыгынан эки айга чейин бошотуп турууну сунуштадык. Бул нерселер кырдаалдан чыгууга жеңилдик берип, мындай кымбаттоо болмок эмес деп жатабыз».

Эшатов ошондой эле бензинге болгон суроо-талаптын көптүгү жана ага болгон тартыштык ири компанияларга таасир этпегени менен майда бензин сатуучу компаниялардын чыгашасын арттырып, жабылып калуусун шарттап жатканын кошумчалады. 20-октябрда 40 май куюучу жай жабылганы айтылган болсо, 21-октябрда алардын тең жарымы кайрадан май таап, ишин улантууда.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бензиндин баасын туруктуу кармап туруу үчүн Кыргызстандын ичинде өкмөт колунан келген иштери жасай турганын айтты.

«Тилекке каршы, Орусиядагыдай салык манёврын жасай албайбыз. Биздин колубуздан эмне келет? Акцизди азайтуу жана кошумча нарк салыгын чек арадан өтөрү менен төлөтпөй, мөөнөт берүү, же кошумча нарк салыгын азайтуу келет. Биз ошолор боюнча эсептөөлөрдүн баарын жүргүзүп жатабыз. Колубуздан келген нерсенин баарын Кыргызстандын ичинде жасайбыз. Биз аларды жөн эле баа өсүп кетсин деп карап тура бербейбиз. Орусияда 2 мунай завод убактылуу токтоп калды. Алар декабрдын ортолорунда ишке чыгат. Эки ай чыдасак, ушул кризистен чыгып кетебиз. Январь-февралда туруктуу дүйнөлүк баада, биржаларда баа турукташып калган. Заводдордо оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан дефицит боло түштү».

Жыл сайын Орусия өкмөтү Кыргызстанга 460 миң тонна бензин, 485 миң тонна дизель, реактивдүү кыймылдаткычтар үчүн 100 миң тонна күйүүчү майды бажы алымы жок берет. Андан ашыкча алынган майлар үчүн бажы алымы кошулат. Сентябрь айына бажы алымы бензиндин бир тоннасына 19 доллар 30 цент менен бекитилген.

Орусиянын бензиндин дүңүнө болгон бааны көтөрүүсүнүн саясий жана экономикалык себептери бар экенин серепчи Нурбек Муктар айтты.

«Орусия «дүйнө жүзүндөгү империя ойгонду, «аюу» ойгонду» дегендей саясат жүрүп жатат. Сирияда согуш болсо, Орусиянын кадамдары көрүнүп жатат. Африкага жардам берип, Орусиянын кадамдары көрүнүп жатат. Орусия эл аралык аренада аброюн көтөрүү үчүн эл аралык уюмдарга жардам берип жатат. Империялык саясатты жүргүзүү чыгымдары көп, ал арзан саясат эмес. Мына ошого кеткен каражаттардын ордун толтуруу, пандемиядан кийинки экономикалык кризистен чыгуу үчүн нефть жана газга басым жасап жатат. Орустардын кирешесинин 40%ы нефть менен газдан түшөт. Мына ошол дүйнөлүк саясатка кеткен чыгашаларын нефть менен газдан чыгарып жатат».

Нурбек Муктардын пикиринде, Кыргызстандын бензинге болгон көз карандылыгын чечүүнүн бир гана жолу бар: ал — Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу. Аталган жол аркылуу Чыгыш Азия өлкөлөрүнөн Ирандан нефт импорттоого болот. Орусиянын муңайына көз карандылык жоюлат.

Экономика министрлигинин маалыматына караганда, өлкөнүн бензин менен дизелге болгон жылдык керектөөсү орточо 1 млн 300-400 миң тоннаны түзөт жана күйүүчү-майлоочу майдын 80%ы Орусиядан келип, 20%ы өлкөдө өндүрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM