Биз менен байланышыңыз

Мунайдын баасы 40 доллардан жогорулады

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 623 | 0

Brent мунайынын баасы 6-марттан баштап баалар түшө баштагандан бери, биринчи жолу 40 долларга чейин көтөрүлдү. Муну соода маалыматтары тастыктап турат.

Акыркы соодалоого ылайык, Brent маркасынын баасы 1,44% га көтөрүлүп, 40,2 долларды түздү.

WTI мунайынын баррели 37,7 долларга чейин, 2,47 пайызга жогорулады.

Март айынын башында мунайдын баасы кескин арзандап кеткен болчу. Буга ОПЕК + келишиминин бузулушу жана пандемиядан кийин «кара алтынга» суроо-талаптын төмөндөшү себеп болгон.

12-апрелде ОПЕК + өлкөлөрү ушул жылдын май-июнь айларында мунай өндүрүүнү 9,7 миллион баррелге, экинчи жарымында 7,7 миллион баррелге, андан кийин 2022-жылдын апрелинин аягына чейин 5,8 миллион баррелге кыскартууга макулдашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM