Биз менен байланышыңыз

UFC: Жаңыланган рейтингде Валентина Шевченко дале көч башында

Кыска кабар , Спорт | 11 Сен 2019 | 741 | 0

Дүйнө мушкерлеринин эң мыкты уюму UFC’нин жаңыланган рейтингинде кыргызстандык Валентина Шевченко кыздар арасында жеңил салмакта (women’s flyweight) көч баштоодо.

Бул тууралуу UFC-242 мелдешинин жыйынтыгынын негизинде кечээ чыгарган рейтингде белгиленет. Анда Хабиб Нурмагомедов америкалык Дастин Порьени жеңип, экинчи ирет чемпиондук наамын коргоп калды.

Валентина жеңил салмакта чемпиондук орунда. Ал эми анын эжеси Антонина Шевченко 13-сапта турат. Бул категорияда Кетлин Чукагян биринчи сапка көтөрүлдү.

 

Copyright © 2017 Maral FM