Биз менен байланышыңыз

UFC: Хабиб Нурмагомедовдун мушташка чыгар күнү белгилүү болду

Кыска кабар | 29 Апр 2019 | 647 | 0

Мушкер Хабиб Нурмагомедов мушташка чыга турган UFC мелдеш 7-сентябрда Абу-Даби шаарында болот. Орусиялык мушкердин атаандашы америкалык Дастин Порье болушу ыктымал.

Бул тууралуу аталган дүйнөлүк уюмдун расмий сайтына чыкты.

Буга чейин аталган мушкерлердин беттеши 7-сентябрга пландалганы айтылган.

30 жаштагы Нурмагомедов 27 беттешке чыгып, баарында тең жеңүүчү болгон. UFC беттештеринде бир да жолу жеңилүү ызасын тарта элек. Ал эми анын атаандашы 30 жаштагы Порье 30 жолу мушташка чыгып 25 ирет жеңип, 5 атаандашынан утулган.

Copyright © 2017 Maral FM