Биз менен байланышыңыз

Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргоп калды

Кыска кабар , Спорт | 9 Июн 2019 | 774 | 0

Кыргызстандык мушкер айым Валентина Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут менен утуп, UFC уюмунун 57 килограмм салмактагы чемпиондук наамын коргоп калды. Бул тууралуу UFC уюму өзүнүн расмий Instagram баракчасына жарыялады.

Мелдеш Чикаго (АКШ) шаарында өтүп, UFC 238 турниринин алкагында эң жеңил салмак категориясы боюнча күч сынашты. Валентина Шевченко экинчи раунддун башталышында каршылашын бут менен бетке тээп, нокаутка кетирди.

Эске салсак, 9-декабрда Канадада өткөн турнирде Шевченко атаандашы Жоанна Енджейчикти жеңип, биринчи жолу өзүнүн краьералык жолунда UFC чемпиону болгон болчу.

 

Copyright © 2017 Maral FM