Биз менен байланышыңыз

«Алдыңкы 100 байдын катарында эмесмин, орто катмарды толуктайм»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Окт 2019 | 1256 | 0

«Мен өлкөдө алдыңкы 100 байдын катарында эмесмин, орто катмарды толуктайм. Киреше-чыгашам боюнча декларацияда  тапшырып турам». Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулайманов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Эл өкүлү жакындары курулуш тармагында иш алып барарын айтты.

«Мен убагында металл менен иштегем. Кийин ал ишкана жабылып калды. Мурда көп тармактуу иштерим бар болчу. 1990-2000-жылдары ишкерлердин колунда каражат көп болду. Колунан иш келгендер түрдүү тармак менен алектенди», — дейт Сулайманов.

Ал белгилегендей, келечекте спортчулардын таасирин пайдалануу аракети болуп жүрөт. Бирок бул — кооптуу. Анткени, спортчулар массалык башаламандык болуп кетсе, дароо жыйнала калышат.

«Спортчулар да биздин жаран, көпчүлүгү — акылдуу балдар. Мен мурда спорт клуб кармап, жардам берип жүрөт элем. Азыр алар мага муктаж эмес. Тыгыз байланышым жок», — дейт депутат.

Copyright © 2017 Maral FM