Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүүгө шектелип кармалды. Анын кармалуусуна интернетте тараган видео жана 4-5 маданият адамынын президент Садыр Жапаровго болгон кайрылуусу себеп болгон. Айрым маалыматтарга ылайык, бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да шектелип жатат. Шектелгендер интернетте тараган видеонун карандай калп, далили жок экенин айтышууда. Акыркы камоолордун саясий максаты кандай? Бийликти күч менен басып алууга үч саясатчынын күчү жетеби? Темага алдыда кененирээк токтолобуз.
ИИМдин маалыматына ылайык, «Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууну активдүү даярдап жана уюштуруп жүргөнү» аныкталган. Ага карата «бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча сотко чейинки иш ачылды.
«Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталган Жазык кодексинин 309-беренесинде (бийликти күч менен басып алуу) көрсөтүлгөн кылмыштын курамы боюнча жаңы сотко чейинки өндүрүштү баштады. Анын алкагында ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов башка адамдар менен алдын ала сүйлөшүү жолу менен бийликти күч менен басып алууга даярданып жана уюштуруп жүргөнү аныкталган. Ушуга байланыштуу Асанов шектүү катары кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди».
Курсан Асановдун жактоочусу Икрамидин Айткуловдун айтымында, ИИМдин ойлоп тапкан айыбы чындыкка дал келбейт жана бийликти басып алуу боюнча сөз козголушу да мүмкүн эмес. Анткени Курсан Асановго карата бери дегенде үч кылмыш иши козголгон. Ошол эле учурда Курсан Асанов бул айыптоону мойнуна албайт. Тарап жаткан видео монтаждалган.
«Асанов [аудиодо] сөз өткөн жылдын октябрь айындагы окуялар боюнча болгонун айтты. Себеби шайлоо алдында бир канча адамдар, саясатчылар партия түзүү, шайлоого баруу боюнча байланышка чыгышкан. Ошол эле учурда Алмаз Сарыбаев менен да сүйлөшүүлөр болгон. Алар өткөн жылы эмне үчүн ИИМди убактылуу башкарууга барганын сурашы мүмкүн. Ал башаламандыкка жол бербөө жана курал-жаракты коргоо үчүн Өмүрбек Суваналиевдин тапшырмасы менен барып, бир канча күн ИИМде иштеп турган. Асанов ошолор боюнча бир нерселерди айтышы мүмкүн. А аудио болсо, анык эле монтаждалган».
Икрамидин Айткулов ошондой эле бийликти күч менен басып алуу аракети боюнча козголгон иштин алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев да шектелип жатканын кошумчалады.
Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев эч качан күч менен басып алууга аракет болбогонун, акылга сыйбаган көрүнүш экенин билдирди. Анын пикиринде, социалдык тармакта эч бир далили жок, троллдордун фабрикасы даярдаган видео тарап жатат.
«Калптын мамлекеттик деңгээлге чейин айтылып, нормага айланып бара жатканы — абдан кейиштүү көрүнүш. Экинчиден, күлкүлүү. Анткени, көчөдө саясатчылар сүйлөшүп, анын арты менен айып тагабыз деген аракетке 1-класстын окуучусу да ишенбейт. Мен эч бир саясатчы, коомдук ишмер менен «бийликти күч менен басып алабыз, массалык башаламандыктарды уюштурабыз» деген сөздөрдү эч бир жерде сүйлөшкөн эмесмин».
Буга чейин социалдык тармактарда болжолу Курсан Асановдун «Толубай» коммерциялык банкынын коммерциялык директору Алмаз Сарыбаевдин үнүнө окшош делген адам менен сүйлөшүүсүн Бекзат Өмүрбеков жарыялаган. Ал социалдык тармактын активдүү колдонуучусу болуп, элди президент Садыр Жапаровду колдоого үгүттөп келген. Видеонун алдына «Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти курал менен басып алууну сүйлөшүп жатышат», — деп жазып, «Кыргыз элим, чукул кабар, бөлүшөбүз!» деген лозунг менен бөлүшкөн.
Тасмадагы үндөргө караганда, Асанов Акаев андан «курал-жарак барбы?» деп сураганын жана бийликти басып алуу зарыл болсо, кайсы бир балдар даяр турганын айткан.
«Эй кой дедим. Мага айтат: «Сен ИИМге барасың», — деп. Анан Катаниге [Өмүрбек Суваналиев] барып, «Эмне болду?» — десем, «Уже болду, күзүндө көтөрүлүш», — дейт. Мелис [Турганбаев, ИИМдин экс-башчысы] келет, мас баягыдай эме кылат экен, жыйырма баласы менен жүрөт», — дейт ал. Андан соң Сарыбаев делген адам Чалдыбар менен Токмоктон адамдарды чогулта аларын айтат. Андан кийин аудиодогу адамдар экс-спикер Канат Исаев жана өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туйгуналы Абдраимов тууралуу сөз кылышат.
Бийликти күч менен басып алуу мамлекетке каршы багытталган оор кылмышка кирет жана ал жерде кылмыштын белгилери болушу керек. Жөн эле «бийликти басып алгым келип жатат» деген адамды эле «басып алганга аракет кылып жатат» деп кармай бергенге болбойт. Мындай пикирин «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова билдирди.
«Бийликти күч менен басып алууга аракет боюнча кылмыштын өзүнүн белгилери болот. Ошол белгилер далилденсе гана бийликти басып алууга шектүү катары кармаса болот. Курсан Асанов бийликти басып алам деген күндө деле, анын ага мүмкүнчүлүгү жок. Саясий жактан алып караганда Атамбаевдин тегерегинде топтолуп жаткан саясатчыларга байланыштуу, бийликке төңкөрүш менен келген адамдар бийликти алдырып коюудан коркуп жаткан болушу мүмкүн. Бул — абдан жаман көрүнүш. Коомчулук муну терс кабыл алып жатат. Мыйзамсыздык, адилетсиздик деген нерселер болуп жатат».
Мындай аракетери менен бийлик күздөгү шайлоонун алдында өзүнүн туруктуулугуна кепилдик жаратууга кам көрүп жатышы мүмкүн деп эсептейт саясат тануучу Эмил Жороев.
Жоревдин айтымында, шайлоолор кандай опурталдуу болору дайыма эле айтылып келинет. Былтыркы шайлоодон кийин өзгөчө курч суроолор жаралууда.
«Бийлик мунун баарын түшүнүп, мүмкүн өздөрү ишенбеген, шайлоонун алдынанбы, кийинби, саясий туруктуулук жаратары мүмкүн деген күчтөргө чара көрүп жаткан сыяктуу. Бул менимче толугу менен тескери эсептелип калышы мүмкүн. Эгерде ошондой ыкмага бара турган болсо, азыркы бийлик бул жаатта пионер эмес. Так ошол сыяктуу эле башка бийликтер деле алдын ала чара көрөбүз деген аракет менен ого бетер чыңалууну жаратып, өздөрүнө терс ойлорду жаратышкан. Менимче ошол түрмөнү, куралдуу күчтөрдү, атайын кызматтын күчүн колдонуудан арылуу керек».
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Исхак Масалиев бийлик алмашуу болгон мезгилде «бийликти басып алууга аракет кылды» деген беренени колдонуу туура эмес экенин белгилейт. Анын айтуусуна ылайык, өткөн жылдын октябрь окуясына байланыштуу кылмыш иш болбошу керек. Бийлик алмашкандан кийин анын кылмыш деген белгиси жоголот.
«Эгерде ушул бийликти басып алуу аракети болсо, анда биз мурунку бийликти, башкача айтканда, Сооронбай Жээнбековду ордуна калтырып, иш козгоп, тергөө жүргүзсө, анда түшүнүктүү болмок. А бирок ошол тополоңдун жыйынтыгында бийлик алмашпады беле? Садыр Жапаров премьер-министр болду, Жогорку Кеңеш өз мөөнөтүн улантты, Камчыбек Ташиев УКМКга төрага болду. Демек, бийлик алмашуу болгон мезгилде «бийлик басып алды» деген беренени колдонуу туура эмес болот да. Анда биринчи ошол бийликке барган кишилерге кылмыш ишин козгоо керек. Тиги барып, ошол кездеги президентти коркутуп, арыз жаздыртып, андан кийин Жогорку Кеңешке барып, депутаттарды үгүттөп… Ушул аракеттери деле ушул кылмышка дал келет».
Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңештин депутаттары Жанар Акаев менен Алтынбек Сулайманов ИИМге суракка кирип кетти. Жанар Акаев суракка кирердин алдында ИИМге «бийликти күч менен басып алуу» иши боюнча күбө катары чакырылганын билдирген. Акаев ал эч качан бийликти басып алууга эч ким менен сүйлөшүү жүргүзбөгөнүн белгиледи. Сулайманов да ИИМге күбө катары чакырылганын айтып, суроолорго кийинчерээк жооп берерин билдирди. Ошондой эле Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов суракка чакырылып, үйүнөн суракка алып кеткени айтылды. Мындан сырткары «Толубай» банктын директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына суракка чакырылып, кийин убактылуу кармоочу жайга камалганы айтылды.