Биз менен байланышыңыз

Кыргыз спортчулары дүйнөлүк чемпионатта 3 медаль алышты

Кыска кабар | 17 Окт 2018 | 1085 | 0

Кыргыз спортчулары гир көтөрүү боюнча дүйнөлүк чемпионатта 3 медалды багындырышты. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациянын вице-президенти Эмил Чакибаев билдирди.

Гир спортунун эл аралык союзунун таймашы Латвиянын Даугавпилс шаарында болуп өттү. Ага 50 өлкөдөн келген 400 атлет катышты.

Эркектер арасында 85 кг салмакка чейинки категорияда Токтосун Мурзаев күмүш медалга татыды. Ал эми ушул эле категорияда ардагерлер арасындагы таймашта Нурлан Айдаров коло медалга ээ болду.Ошондой эле, 73 кг салмак боюнча Мээрбек Рыскулов коло медаль алды.

Кыргызстандын гир спорту федерациясынын жетекчиси Кубат Абдраимов Гир спортунун эл аралык союзунун вице-президенти болуп тандалды.

Эмил Чакибаевдин айтымында, алдыда 29-ноябрдан 3-декабрга чейин Кореяда болчу Азия чемпионаты турат. Кийинки дүйнөлүк чемпионат 2019-жылы Германияда өтөт.

 

Copyright © 2017 Maral FM