Биз менен байланышыңыз

Нуркан Турсунбаев: Сексен жылдык мааракеме даярдык көрүп жатам

Заманыбыздын залкары, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, театр жана кино актеру, 500дөн ашык обондун, эң алгачкы балдар опереттасынын автору, Кыргыз циркинин негиздөөчүлөрүнүн бири, 14 улуттун музыкалык аспаптарында эркин ойногон музыкант Нуркан Турсунбаев «Марал» радиосунун «Мезгил жана ырлар» программасына конокко келип, маек куруп берди. Эмесе, ошол маектин электрондук вариантын сунуштайбыз. 

— Нуркан ага, чыгармачылыгыңыз боюнча өз оозуңуздан уксак, учурунда театр жана кино жылдызы Таттыбүбү эжебиз менен бирге институтту бүтүрүп келип, эмгек жолуңуздарды Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында чогуу баштаган экенсиздер?..

— Биздин чыгармачылыгыбыздын башаты тээ ата-бабаларыбыздан башталган десем жаңылышпайт болушум керек. Чоң атам Турсунбай чоң комузчу, дастанчы адам эле, чоң энебиз Жыргал өрөөнгө таанымал кошокчу, жамакчы болчу. Атам Мырсаалы мыкты комуз, дастанчы, обончу, кадимки залкар акын Токтогул Сатылгановдун шакирти, 1939-жылы Атай Огомбаев, Мыскал Өмүркановалар менен Кремлде комуз чертип, декадага катышкан адам болгон, апакебиз Калыйбүбү колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер эле. Мындан тышкары, биздин чыгармачылык жолубузга айлана-чөйрөбүздүн, окуткан мугалимдерибиздин да таасири болду десем жаңылышпайм. 5 бир тууган элек. Эң улуу агам Жумгалбек мыкты журналист, сатирик акын, андан кийинки агам Социалбек атамдан да кыйын мыкты комузчу болгон. Андан кийин мен, менден кийин Таттыбүбү карындашымды билесиздер, андан кийинки иним Иманмады мыкты скульптор-монументалист, сүрөтчү эле. Бир туугандардын ичинен Таттыбүбү карындашым экөөбүз өтө ынак болдук, өзүңүз айткандай, Ташкенттеги Островский атындагы Көркөм театралдык окуу жайында чогуу окуп, чогуу аяктап келип, Кыргыз драма театрында эмгек жолубузду баштаганбыз. Тагдыр ушундай экен, Таттыкемен эрте ажырап калдым. Ушул нерсе өмүр бою жүрөгүмдү өйүп келет.

— Азыркы учурда эмне менен алектенип жатасыз, чыгармачылыкта кандай жаңылыктар болууда?

— 1966-жылдан бери кыргыз драма театрында эмгектенем. Ушул күндө да спектаклдерде каармандардын ролдорун жаратуунун үстүндөмүн. Азыр театр жамааты эмгек өргүүгө кеткенине байланыштуу театралдык сезон күзгө чейин жабылган. Кудай буюрса, жаңы сезонго режиссерлордун сунушу менен «Манастын уулу Семетей» спектаклиндеги башкы каарман Бакай хандын ролуна даярданып жаткан учурум. Мындан тышкары, обончулук менен алекмин. Эмдиги жылы 80 жылдык мааракем. Кудай буюрса, мааракемде өзүм көптөн бери даярдап жүргөн 2 кишилик жаңы пьесаны сахналаштырып ойносомбу деп турам. Мындан тышкары, «Гүлдөр симфониясы» аттуу балдар үчүн жазылган опереттамды сахналаштырып, жарыкка алып чыксам деген тилегим бар. Былтыр Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда «Ыр толкундары» аттуу ырчылардын эл аралык сынагын өткөрдүк. Анда 12 чет мамлекеттен келген ырчылар 52 ырымды кыргыз тилинде ырдап келишти.

— Турмушта, чыгармачылыкта өкүттө калган учурларыңыз болгонбу? Дегеле, эмнеге кейип, эмнеге өкүнөсүз?

— Аябай өкүнүч кылган деле учур болгон жок. Эгерде ачык айтсам, 90- жылдардын ичи театрдагы айрым бир интригалардан улам, чыгармачылыктан бир аз өксүдүм десем да болот. Бирок, ошол учурда обончулугум менен алек болдум. Мен үчүн бүтпөгөн өксүк эле — Таттыкемдин өмүрдөн эрте кетиши. Ата-энем, башка бир туугандарымдын көзү өткөнүнө моюн сунуп берсем да, Таттыкемдин бул дүйнөдөн эрте кетишине эч келише албай койдум.

Copyright © 2017 Maral FM