Биз менен байланышыңыз

Германия Кыргызстанга 40,1 млн евро өлчөмүндө грант бөлөт

Кыска кабар | 5 Апр 2019 | 645 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстан-Германия өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу Президенттик Аппараттан кабарлашты.

Эми Германия кыргыз өкмөтү менен эки тараптуу финансылык жана техникалык кызматташтык үчүн 40,1 млн. евро өлчөмүндөгү гранттык каражат берет.

Кошумчалай кетсек, мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 20-мартында кабыл алынган. Ал президент кол койгон күндөн тартып, 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Copyright © 2017 Maral FM