Биз менен байланышыңыз

Балбан Акжол Махмудов Германиядан Бишкекке келди

Кыска кабар , Спорт | 27 Апр 2019 | 578 | 0

Грек-рим крөшүнүн чебери, кыргызстандык балбан Акжол Махмудов бүгүн Бишкекке келди.

Балбанды үй-бүлөсү, жакындары, достору тосуп алганын балбандын атасы Мухаммед Махмудов «Маралга» билдирди.

Азия чемпиону машыгуу учурунда футбол ойноп жатып, бутунан жаракат алып, операция жасатуу үчүн Германиянын Кёльн шаарына жөнөп кеткен болчу.

Буга чейин ал социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кёьлн шаарында реабилитациядан өтүп жатканын, апрель айынын аяк ченинде Бишкекке келерин айткан.

«Алдыдагы жеңиштерге белсенип турам. Колдооңуздар үчүн рахмат!» — деп жазган Акжол Махмудов баракчасына.

Copyright © 2017 Maral FM