Биз менен байланышыңыз

Мыйзамдуулук боюнча дүйнө рейтинги: Кыргызстан 85-орунда

Дүйнө , Кыска кабар | 4 Мар 2019 | 842 | 0

Дүйнөлүк Адилеттүүлүк долбоору (World justice Project) мыйзамдуулуктун орношу, адам укуктарынын сакталышы жана бийликтин адилеттүүлүгү боюнча дүйнө мамлекеттеринин жылдык рейтингин (Rule of Law Index) жарыялады.

Ага ылайык, 2019-жылы аталган шарттар боюнча эң жогорку көрсөткүч Дания, Норвегия жана Финляндия өлкөлөрүнө таандык болду.

Ал эми эң төмөнкү деңгээлде Конго, Камбоджия жана Венесуэла экени маалым болду.

Бул тизмеде Кыргызстан 126 өлкөнүн ичинен 85-орунда жайгашып, өткөн жылдан үч орун артка кеткен.  Орто Азия мамлекеттеринин ичинде эң мыйзамдуу өлкө болуп Казакстан аталды. Иликтөөгө Түркмөнстан менен Тажикстан катышпайт.

Мындан сырткары, мурунку абалынан кескин түрдө артка кеткен өлкө болуп өткөн жылдагыдай эле 126 өлкөнүн ичинен 109-болуп Түркия таанылды. Мындан алты жыл мурунку тизмеде 30-40-орундарда жайгашчу Туркия азыр жарандардын укугу менен мал-мүлкүнүн корголушу жана бийликтин адилеттүүлүгү боюнча Венесуэланын гана артка калтырган. Аймактык бөлүп кароодо Чыгыш Европа жана Орто Азия тобунда болсо эң арттагы орунга жайгашкан.

 

Copyright © 2017 Maral FM