Биз менен байланышыңыз

Бөкөшов: Саясатчылар рейтинги жоопкерчиликти арттырат

Күн чекит | 21 Фев 2019 | 785 | 0

Эл аралык республикалык институт Кыргызстандагы саясатчылардын рейтингин жарыялады. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттары чыгарды.
Анда элдин көпчүлүк пайызы президентке, андан соң Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов жана экс-премьер-министр Сапар Исаковго ишеним көрсөтүшкөн.
Бүгүнкү күнү кыргыз саясатчыларын эл канчалык баалап жатат? Кайсы критерийдин негизинде артыкчылык берип келет? Бул тууралуу «Күн чекит» программасында саясат талдоочу Жамгырбек Бөкөшов менен талдадык.

Марал: Жарыяланган изилдөө менен таанышып чыктыңызбы? Сизди ынандырдыбы?

Бөкөшов: Бул дүйнөдө кеңири колдонулуп келаткан практика. Элдин арасында социалогоиялык изилдөө жүргүзүп,белгилүү саясатчылардын ишмердүүлүгү жөнүндө элдин пикирин аныктап келет. Албетте, бул салыштырмалуу гана нерсе. Мунун негизинде кандайдыр бир бир так кесел жыйынтык чыгаруу мүмкүн эмес. Бирок ошол эле учурда эки жагдайды белгилесек болот. Биринчиси саясатчылар ушундай сурамжылоолордун натыйжасында элдин алдында жоопкерчилиги бар экенин,анын ишин эл баалап, карап турганын билип өзүн таразалар туруш керек. Экинчи албетте ошол сурамжылоого катышкандар өздөрү баалап жатканы — өзгөчө фактор. Ал эми конкреттүү сурамжылоого келсек, ар кайсы уюмдар жүргүзүшү мүмкүн. Алардын ар биринин өз алдынча методикасы болушу мүмкүн. Таянган чен-өлчөмдөрү ар кандай болот. Бирок бул сөзсүз керектүү нерсе. Ал эми конкреттүү саясатчыларга келгенде ойлонуп көрүш керек. Мисал үчүн республикалык институт республикага эч тиешеси жок Бабановго жогорку баа берилип жатат.

Марал: Элдин саясатчыларга баа берүү критерийлери кандай? Кантин баа берип жатат? Кайсы методика менен?

Бөкөшов: Ар бир сурамжылоону жүргүзгөн институттун өзүнүн максаты жана методикасы бар. Бул институттуку ишенимге коюлган. Ошол эле өлкө башчыга 20 пайыздан жогору деп турат. Бул дагы президенттин иш-аракетине элдин берген баасы. Ал эми калган саясатчылардын кайсы аракетине ушундай баа алып жатканы суроо жаратат.

Марал: Саясатчыларды кандай тартипте баалашыбыз керек?

Бөкөшов: Эң эле алдын мындай изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз кварталына кылып турушубуз керек. Экинчиден, элдин баардык категорияларын катыштыруу маанилүү. Дагы бир маанилүү учур бул саясатчы эмес, саясатчы баарын катыштыруу. Ошондо гана таасирдүү натыйжасын берет.

Марал: Сиз айткан терең изилдөөнү жүргүзгөн тажрыйбалуу саясий технологдор барбы?

Бөкөшов: Албетте бар! Арасында тажрыйбалуулары дагы жок эмес. Белгилүү социолог Хусеин Исаевдин институту бүгүнкү күнгө чейин кадыр-барктуу саясатчылардын рейтингин чыгарып иш алып барып келе жатат. Бирок бир системага айлана элек. Эгер айланса бул иштин баасы артат эле.

Марал: Маегиңизге рахмат!

Copyright © 2017 Maral FM