Биз менен байланышыңыз

Кесипкөй-мушкер Акжол Сулайманбек уулу рейтингде 6-сапка көтөрүлдү

Кыска кабар , Спорт | 4 Апр 2019 | 643 | 0

Кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia (WBA) версиясы боюнча чемпиону, кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу уюмдун жаңыланган рейтингинде алдыңкы ондукта 6-сапка чыкты. Бул тууралуу box.live сайтында айтылат.

Акжол Сулайманбек уулу аталган версия боюнча 23-мартта таиланддык мушкер Пипат Чаипорн менен беттешке чыгып, жетинчи раундда нокаут менен жеңген.

Бул Акжолдун 13 беттешиндеги он үчүнчү жеңиши болду.

Кыргызстандык мушкер бир нече жылдан бери Орусиядагы Rcc Boxing Promotion уюму менен иштешип келет.

Ал учурда кичи мекени Баткенге келип, эс алып жатканын «Маралга» билдирген болчу.

Copyright © 2017 Maral FM