Биз менен байланышыңыз

Орзубек Назаров: Коронавирус апаатын биргеликте жеңебиз! (видео)

Кыска кабар | 20 Мар 2020 | 535 | 0

Кыргызстандын атактуу мушкери, кесипкөй бокс боюнча 7 жолку дүйнө чемпиону, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орзубек Назаров коронавирус боюнча кыргызстандыктарга кайрылды.

Бир  жарым мүнөттүк кайрылууда мушкер Өкмөт тарабынан жасалып жаткан аракеттерди белгилеп, элди дүрбөлөңгө түшпөөгө, сабырдуулукка, ынтымакка чакырат.

Бүгүн бүтүндөй дүйнө жүзүндө оор күндөр өтүп жатат. Коронавирус бүт дүйнөнү каптады. Биздин Кыргызстанга да келди. Мамлекет бул көрүнүштү четтетүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатат. Биз ошол көрсөтмөлөрдү так, кынтыксыз аткарышыбыз керек. Сабырдуу, бири-бириңерге сылык болгула. Бул апаатты биз кыргызстандыктар тартип, биримдик менен жеңебиз,- дейт дүйнө чемпиону.

Ал ошондой эле, мекендештерге ден соолук, ийгилик каалайт.

Copyright © 2017 Maral FM