Биз менен байланышыңыз

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлү Акылбек Осмоналиевге эскертүү берилди

Кыска кабар | 6 мая 2020 | 2674 | 0

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев эскертүү алды.

Эскертүү облуска кирүүгө тыюу салуу жана кирүү учурунда жарандардан коронавирус инфекциясынын бар-жогун аныктоо боюнча тесттен өткөндүгү жөнүндө маалым кат талап кылуу боюнча кабыл алынган чечимге байланыштуу берилген.

Бул тууралуу коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. Маалыматка ылайык, чечим Республикалык бөлүм менен макулдашпастан кабыл алынган.

− Бул чечимдер Республикалык ыкчам штабдын сунуштамаларына жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритмине дал келбейт.

Тийиштүү алгоритмде каралган учурларды эске албаганда, жарандардан облуска, шаарга, районго жана башка калктуу конуштарга киргенде COVID-19 жок экендиги тууралуу маалымдама талап кылуу туура эмес, − деп айтылат республикалык ыкчам штабдын маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM