Биз менен байланышыңыз

Акжол Сулайманбек уулу: WBO International чемпиондугу үчүн беттешке толук даярмын

Кыска кабар , Спорт | 6 Мар 2020 | 574 | 0

Кыргызстандык кесипкөй боксчу Акжол Сулайманбек уулу (15-0) WBO International чемпиондук куру үчүн беттештин алдында таразага түштү. WBO International чемпиондук куру наамы үчүн ал орусиялык Марк Урванов (17-2) менен таймашат. 12 раунддан турган беттеш эртең, 7-мартта Орусиянын Екатеринбург шаарындагы “РМК жекеме-жеке таймаштар Академиясынын” аренасында бокс боюнча 35-юбилейлик “Жылдыздар кечеси” (“Вечер звёзд”) мелдешинин алкагында өтөт.

Акжол беттешке толук даяр экенин “Маралга” берген маегинде билдирди.

— Бул беттеш мен үчүн өтө маанилүү. Жаңы мүмкүнчүлүк, жаңы чакырык. Мен атаандашымды жакшы билем. Анын мушташуу стили да мага белгилүү. Өз убагында Марк Урванов менен бир залда чогуу машыккам. Ошого карап даярдыктар болду. Ошондуктан беттешти жеңиш менен аяктайм деген үмүт бар, — деди Акжол Сулайманбек уулу.

Акжол Сулайманбек уулу профессионал бокста 15 жолу беттешке чыгып, баарында жеңишти камсыздаган.

2019-жылдын август айында Венесуэла өлкөсүнүн мушкери Мильнер Марканону жеңип, бокстун WBA Asia версиясы боюнча төртүнчү ирет чемпиондук титулун коргогон. Акжол Сулайманбек уулу Баткен облусунан чыккан алгачкы профессионал мушкер.

Ал эми анын атаандашы Марк Урванов WBO International титулунун учурдагы ээси. Кесипкөй бокста 17 беттешке чыгып, 15 жолу жеңишке жетип, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

 

Copyright © 2017 Maral FM