Биз менен байланышыңыз

Акжол Сулайманбек уулу: «Чемпиондук титулду коргоого толук даярмын»

Кыска кабар , Спорт | 23 Мар 2019 | 866 | 0

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia версиясы боюнча бүгүн, 23-мартта беттешке чыгат. Анын атаандашы таиланддык тажрыйбалуу мушкер Пипат Чаипорн болмокчу.

RCC Boxing мелдешинин алкагында өтүүчү беттеш Орусиянын Екатеринбург шаарында жергиликтүү Бишкек убактысы боюнча 18:00дө башталат. Акжол Сулайманбек уулу менен Пипат Чаипорн беттеши 10 раунд болот. “Марал” радиосу кыргызстандык мушкер менен байланышып, суроолорго жооп алдык.

Марал: Бүгүн кесипкөй бокс боюнча чемпиондук наамыңды коргоо үчүн кезектеги беттешке чыгасың, даярдык, маанай кандай?

Акжол Сулайманбек уулу: Даярдык, маанай өтө мыкты. Буюрса бокстун World Boxing Association Asia версиясы боюнча чемпиондук кур үчүн таиланддык мушкер менен чыгам. Бул чемпиондук титулду коргоо үчүн үчүнчү беттешим. Буга чейин колумбиялык жана филиппиндик мушкерлер менен болгон беттештерде наамды ийгиликтүү коргогом.

Марал: Атаандашың салыштырмалуу бир топ тажрыйбалуу мушкер экен. Көп беттеш өткөрүптүр. Анын күчтүү жана алсыз жактарын иликтеп чыктыңарбы? Кайсы аракети же болбосо кандай соккусу кооптуу, ага карата кандай коргонуу даярдагансың?

Акжол Сулайманбек уулу: Атаандаш өтө тажрыйбалуу. Рингде 60 жолу беттешке чыгып, анын 45ин жеңген. Атаандаштын он колунун соккусу өтө кооптуу. Катуу согот. Дагы бир белгилеп кетүүчү жагдай, таиланддык мушкерлер аябай чыдамкай болушат.

Марал: Бул сага өтө ыңгайсыздык жаратпайбы, бою да сага караганда бир аз кичирээк болгону да ыңгайсыз болбойбу?

Акжол Сулайманбек уулу: Жок, себеби биз машыктыруучу менен баарына даярдандык. Мага тескерисинче атаандаштын бою кыска болгону жакшы. Буюрса жеңиш биз тарапта болот.

Марал: Жеңишти камсыздоодо кайсыл артыкчылыгың пайда алып келет деп эсептейсиң? Жарым аралыктан жакшы мушташасыңбы же узак аралыктанбы же өтө жакын аралыктан жакшы соккуларды бере аласыңбы?

Акжол Сулайманбек уулу: Бардык тараптан даярдыктар көрүлгөн. Анын баарын буюрса рингден көрөсүздөр. Анан мушташ учурундагы аралык боюнча айтсам, мага айырмасы жок, бардык кырдаалда иштегенге машыктым.

Марал: Атаандаш физикалык жактан чыдамкай болсо, акыркы раундга чейин мыкты калыпта даярдык бар да сенде, же башталганда эле ыкчам чабуулдарды жасап, нокаутка согуш керек деген тактика барбы?

Акжол Сулайманбек уулу: Ооба, кесипкөй бокс бул чыдамкай физикалык даярдыкты талап кылган спорт. Ошондуктан ар бир мушкер биринчи кезекте физикалык жактан даяр болуш керек. Нокаутка оодара согом деп эч качан ойлобойм. Себеби нокаут өзү оюн учурунда келип калат. Ошол убакта пайдаланып калуу керек. Негизи тез бүтүргөнгө эмне жетсин, коопсуз жаракат албай дегендей. Кээ бир атаандаштар башында 3-4 раунд катуу иштеп аягында чарчап калышат. Мен ар бир беттештин акыр-аягына чейин мушташышым керек деп даярданам.

Марал: Акжол сага ийгилик! Биз сага күйөрмандык кылабыз. Буюрса жеңиш менен кел!

Акжол Сулайманбек уулу: Рахмат!

Эскерте кетели, Акжол Сулайманбек уулу менен Таиланддык Пипат Чаипорн беттешин төмөнкү https://www.youtube.com/watch?v=IzMloIzJxK8&feature=youtu.be ссылкадан түз көрсөңүз болот.

Copyright © 2017 Maral FM