Биз менен байланышыңыз

Профессионал боксчу Акжол Сулайманбек уулу кичи мекени Баткенге келет

Кыска кабар , Спорт | 26 Мар 2019 | 1030 | 0

Кыргызстандык мушкер кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia версиясы боюнча чемпиону Акжол Сулайманбек уулунун кийинки беттеши август айында болот. Бирок атаандашы ким болору азырынча белгисиз.

Бул тууралуу “Маралга” мушкер өзү бүгүн билдирди.

Анын айтымында, аталган версия боюнча чемпиондук наамды коргоп калуу үчүн масштабдуу машыгуу процесси жүргөн. Ошондуктан эки ай убакытка эс алууга бошотулган.

Акжол Сулайманбек уулу эс алуу үчүн эртең кичи мекени Баткенге келет. Кыргызстандык мушкер бир нече жылдан бери Орусиядагы Rcc Boxing Promotion уюму менен иштешип келет.

Copyright © 2017 Maral FM