Биз менен байланышыңыз

Мушкер Акжол Сулайманбек уулу чемпиондук титулун коргоо үчүн рингге чыгат

Кыска кабар , Спорт | 23 Мар 2019 | 600 | 0

Кыргызстандык мушкер Акжол Сулайманбек уулу кесипкөй бокстун World Boxing Association Asia түрү версиясы боюнча бүгүн беттешке чыгат. Беттеш жергиликтүү саат 13:00дө башталат.

RCC Boxing мелдешинин алкагында Орусиянын Екатеринбург шаарында өтүүчү бүгүнкү беттеште кыргыз мушкери үчүнчү ирет чемпиондук титулун коргоого рингге чыгат.

Акжол Сулайманбек уулу “Маралга” байланышка чыгып, беттешке маанайы мыкты экенин, атаандашынын артыкчылыктары менен кемчиликтерин толук өздөштүргөнүн, өзү бардык жагынан даяр экенин айтты.

Акжол кесипкөй бокста 13 беттеш өткөрүп баарын уткан. Анын бүгүнкү атаандашы Таиланддык тажрыйбалуу мушкер Пипат Чаипорн болмокчу. Тайланд мушкери 46 беттешке чыгып 12 ирет утулган. 2 жолу тең чыккан.

Asia Сулайманбек уулу WBA чемпиондугун алгачкы жолу 2018-жылдын апрелинде Венесуэла мушкери Леонардо Падиллду уткан. Ошол эле жылдын сентябрында экинчи ирет чемпиондук наамын ийгиликтүү коргогон.

Ага чейин кыргыз мушкери Asian Boxing Council Continental уюмунун чемпиондук курут уткан болчу.

Copyright © 2017 Maral FM