Биз менен байланышыңыз

Кесипкөй бокс: Жеңилбес Акжол жеңилүү ызасын тартты

Кыска кабар , Спорт | 8 Мар 2020 | 603 | 0

Кыргызстандык кесипкөй боксчу Акжол Сулайманбек уулу WBO International чемпиондук куру үчүн беттеште орусиялык Марк Урвановго жеңилип калды.

12 раунддга белгиленген беттештин 7-бөлүгүндө Марк Урванов урган таамай соккудан Акжол Сулайманбек уулу нокаутка жыгылып, жеңилүү ызасын тартты.

Таймаш Орусиянын Екатеринбург шаарындагы “РМК жекеме-жеке таймаштар Академиясынын” аренасында бокс боюнча 35-юбилейлик “Жылдыздар кечеси” (“Вечер звёзд”) мелдешинин алкагында өттү.

Акжол Сулайманбек уулу буга чейин 15 жолу беттешке чыгып, баарында жеңишти камсыздаган болчу.

Ал эми анын атаандашы Марк Урванов WBO International титулунун учурдагы ээси, буга чейин 17 беттешке чыгып, 15 жолу жеңишке жетип, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Copyright © 2017 Maral FM