Биз менен байланышыңыз

Дүйнөнүн эң бай адамы жубайы менен ажырашты

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Июл 2019 | 1110 | 0

«Амазон» компаниясынын жетекчиси Джефф Безос жубайы Маккензи менен ажырашты. Бул тууралуу «Bloomberg» агенттиги билдирди.

5-июлда Вашингтон штатындагы сотто кабыл алынган ажырашуу документине ылайык, Безос экс-жубайына Амазон компаниясынын 4 %ын өткөрүп берди. Ал 19,7 миллион долларлык акцияны түзөт.

Бул чечимден кийин «Bloomberg» версиясы боюнча Маккензи дүйнөдөгү бай адамдардын тизмесинин 22-катарынан орун алды.

Ал эми Джефф Безос «Forbes» журналынын 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча, «Майкрософт» компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтстен ашып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы аталган.

Copyright © 2017 Maral FM