Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң бай адам Безостун байлыгы бир күндө 7 млрд. долларга азайды

Дүйнө , Кыска кабар | 25 Окт 2019 | 1317 | 0

«Амазон» компаниясынын түзүүчүсү Жефф Безостун байлыгы дээрлик 7 миллиард долларга азайды. Бул тууралуу CNBC телеканалы билдирди.

Маалыматка ылайык, 24-октябрда «Амазон» компаниясы чейректик жыйынтыгын чыгарган. Анда көрсөткүчтөр күтүлгөндөн төмөн чыккан. Тактап айтканда, компаниянын акциялары 9 пайызга арзандап кеткен. Акциянын арзандашынан улам Безостун байлыгы 6,9 миллиард долларга азайган.

Белгилей кетсек, Жефф Безос «Forbes» журналынын 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча «Майкрософт» компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтстен ашып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы аталган. Ошол учурда анын байлыгы 150 миллиардды түзгөн. Жубайы менен ажырашкандан кийин да Жефф Безос 117 млрд. доллар байлыгы менен эң бай адамдардын сап башында турган.

Copyright © 2017 Maral FM