Биз менен байланышыңыз

Миллиардерлердин жалпы байлыгы 10 триллион доллардан ашты

Дүйнө , Кыска кабар | 8 Окт 2020 | 494 | 0

Дүйнөдөгү бардык миллиардерлердин жалпы байлыгы 10,2 триллион долларга жетти. Бул рекорддук көрсөткүч катары эсептелет. Буга чейинки рекорд 2017-жылы белгиленип, 8,9 триллион долларды түзгөн. Мындай маалымат «PwC» аудитордук компаниясы менен «UBS» банкы биргелешип жүргүзгөн изилдөөдөн кийин белгилүү болду.

Учурда дүйнөдө миллиардерлердин саны 2 миң 189га жетти. 2017-жылы 2 миң 158 миллиардер бар деп эсептелинген.

Изилдөөгө ылайык, 2020-жылдын апрель айында дүйнөдө 2 миң 58 миллиардер болгон. Алардын жалпы байлыгы 8 триллион долларды түзгөн.

Пандемия менен күрөшүү үчүн 200гө жакын миллиардер 7,2 миллиард доллар сарпташкан. Атап айтканда, кайрымдуулук, өнөр жай товарлары жана шаймандар түрүндө 5,5 миллиард доллар бөлүнгөн.

Америкалык миллиардерлердин байлыгы 2009-жылдан 2020-жылга чейин 170 пайызга көбөйүп, учурда 3 трлн 609 млн долларды түзөт.

Ушул убакыттын ичинде Кытайдагы миллиардерлердин жалпы байлыгы 12,5 эсеге көбөйүп, 1,681 триллион долларга жетти.

Германияда бул көрсөткүч 175 пайызга өсүп, 595 миллиард долларга жетти.

Орусияда 80 пайызга көбөйүп, 467,6 млрд долларга жетти.

Францияда 439 пайызга көбөйүп, 443 миллиард долларды түздү.

Индияда ал 90 пайызга өсүп, 423 миллиард долларды түзсө, Гонконгдо 208 пайызга көбөйүп, 356 миллиард долларга жеткен.

Июль айынын аягында Европа, Жакынкы Чыгыш жана Африка аймагында 596 миллиардер болгон (2019-жылга караганда 85 пайызга көп) жана алардын жалпы байлыгы 2,723 триллион долларды түздү.

Copyright © 2017 Maral FM