Биз менен байланышыңыз

Америкалык миллиардер аба кырсыгынын курмандыгы болду

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июл 2019 | 730 | 0

Американын тик учагы Багам аралдарына кулап, ичиндеги 7 адам каза болду. Көз жумгандардын арасында америкалык миллиардер Крис Клайн жана анын кызы да болгон. Бул тууралуу Bahamas Press басылмасы маалымдады.

Маалыматка ылайык, тик учак көтөрүлгөндөн бир аз өтпөй эле кайра кулаган.

Крис Клайн 5-июлда 61 жашка толмок. Көмүр менен алектенген ишкер бизнесин 15 жашында баштаган.

Дүйнөлүк «Forbes» медиа-компаниясынын эсептөөсү боюнча, көмүр бизнеси менен алектенген Клайндын бюджети 1,8 миллиард долларды түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM