Биз менен байланышыңыз

«Amazon» интернет-дүкөнүндө иштегендер акцияга чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 16 Июл 2019 | 1486 | 0

Атактуу «Amazon» интернет-дүкөнүнүн бир канча өлкөдөгү миңдеген жумушчулары нааразычылык акциясына чыгышты. Германиядагы акцияга 2 миңдей адам катышкан, АКШда 6 саатка жумушту токтотушкан, Улуу Британияда жумалап акцияны улантууну болжолдошууда.

Нааразычылык акциясы «Биздин айлыкты азайтпагыла», «Биз робот эмеспиз!» деген лозунгдар менен коштолууда. Компаниянын кызматкерлери жумуш оор болгондуктан, физикалык жактан да, моралдык жактан да кыйналышарын, ага карабастан аз айлык акы алышарын айтып нааразы болушууда.

Кошумчалай кетсек, «Амазон» компаниясынын жетекчиси Джефф Безос «Forbes» журналынын 2018-жылдагы жыйынтыгы боюнча, «Майкрософт» компаниясынын түзүүчүсү Билл Гейтстен ашып өтүп, дүйнөнүн эң бай адамы аталган.

Copyright © 2017 Maral FM