Биз менен байланышыңыз

Миллиардер Айга конуучу техниканын макетин тааныштырды

Дүйнө , Кыска кабар | 10 мая 2019 | 717 | 0

Миллиардер Джефф Безос Айга жөнөтүүгө пландалып жаткан учуучу техниканын макетин коомчулукка тааныштырды. Адамды Айга жеткирүүчү техника миллиардер ээлик кылган Blue Origin компаниясы тарабынан жасалган.

Аппарат Blue Moon (Көгүлтүр Ай) деп аталып, Айдын бийиктигине чейин оор жүк жана техникаларды жеткирүүгө ылайыкталган. Андан сырткары, Blue Moon айдын орбитасына спутник орнотууга жөндөмдүү.

«Муну үч жыл мурда баштаганбыз. Бул ирет Айга отурукташуу үчүн барыш керек», — дейт Безос.

Буга чейин АКШ президенти Доналд Трамп Американын космостук агенттигине (НАСА) кандай кылып болсо да, жакынкы 5 жыл ичинде Айга баруу жолун табуу максатын койгон болчу.

Copyright © 2017 Maral FM