Биз менен байланышыңыз

Дүйнөдөгү эң кымбат бренддер

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Июн 2019 | 722 | 0

Эң кымбат бренддерге жүргүзүлгөн рейтингинде алдыңкы делген 100 бренддин ичинен Американын Amazon онлайн-арбитражы биринчи орунду ээледи. Рейтингди аныктоо Улуу Британиянын WPP жана Kantar Millward Brown компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн.

Amazon компаниясынын баасы бир жылда 52 %га өскөн, тактап айтканда, 315,505 миллиард долларга бааланган. Ал эми Apple компаниясы былтыркыдан 3 %га кымбаттап (309,527 миллиард доллар), рейтингде 2-орунду алган.

Ар качан алдыңкы орунду ээлеп келген Google компаниясы быйыл 3-орунга түшкөн. Рейтинг боюнча кийинки катарларда Microsoft жана Visa компаниялары турат. Ал эми Alibaba бренди Кытайдагы эң кымбат брендге айланды.

Мындай жыйынтык 160 миң таанымал бренддердин арасынан тандалып алынган.

Copyright © 2017 Maral FM