Биз менен байланышыңыз

13-октябрда «iPhone-12» смартфону тааныштырылат

Дүйнө , Кыска кабар | 7 Окт 2020 | 627 | 0

«Apple» компаниясы 13-октябрда «iPhone-12» смартфонунун бет ачарын өткөрөрүн жарыялады.

Адатта «Apple» компаниясы буга чейин жаңы «iPhone’дордун» бет ачарын сентябрь айында өткөрүп келген. Бирок быйыл сентябрь айында жаңы «iPad» планшетин жана «Apple Watch’ту» тааныштырганына байланыштуу салтка айланган салтанат октябрь айына жылдырылган.

Компания бет ачарда «iPhone-12», «iPhone-12 Pro», «iPhone-11 Pro Max», «vbyb iPhone-12» аталышындагы төрт жаңы смартфонун тааныштырат.

Мындан тышкары, компания «AirPods Studio» гарнитурасын, «HomePod» колонкасын, «Apple TV» приставкасын жана «AirPower» зымсыз кубаттагычын көрсөтөрү күтүлүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM