Биз менен байланышыңыз

Кезектеги жаңыртуу iPhone жана iPad түзмөктөрүндө көйгөй жаратты

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Июн 2020 | 727 | 0

iPhone жана iPad ээлери кезектеги жаңыртуулардан соң түзмөктөрүндө көйгөйлөр жаралганын маалымдашты. Бул тууралуу ZDNet билдирди.

Ага ылайык, Apple түзмөктөрүнүн көпчүлүк колдонуучулары батарейканын кубаты начарлап, иштөө мөөнөтү кескин азайып кеткенин байкашкан.

«Жада калса батарейканын кубаттуулугу бир топ жогору болгон iPhone 11 Pro Max колдонуучулары буга нааразы болушууда», — деп айтылат билдирүүдө.

Айрым колдонуучулар болсо, түзмөктөр ысып жатканын айтып, нааразы болушууда.

Ошентсе да, айрымдардын iOS 13.5 версиясына жаңыртылгандан бери такай өчүп-жана турган болуп калган. iPad жана iPad Pro колдонуучулары ушул сыяктуу көйгөйгө туш болушту.

Колдонуучулар мындан сырткары, App Store’дон колдонмолорду жүктөп алууда жана видеолорду MP4 форматында көрүүдө чыккан көйгөйлөргө нааразы болушууда.

Copyright © 2017 Maral FM