Биз менен байланышыңыз

Apple Сингапурда биринчи суу астына дүкөн ачат (сүрөт)

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2020 | 661 | 0

Apple компаниясы 10-сентябрда Сингапурда биринчи суу астындагы дүкөнүн ачат.

Дүкөн Marina Bay Sands мейманканасынын жанында жайгашкан. Бул 114 бөлүктөн турган айнек куполду чагылдырат. Компаниянын айтымында, бул — мындай типтеги биринчи объект.

Шар формасындагы курулуштун ичинде пардалар, жогору жагында тегерек терезе бар. Дүкөндүн суу алдындагы кабатында жыйындар залы дагы жайгашкан. Ал Apple компаниясынын Сингапурдагы үчүнчү дүкөнү болот жана анда 148 адам иштейт.

Белгилей кетчү нерсе, дүкөндүн кызматкерлери жалпысынан 23 тилде сүйлөй алышат. Алар аралыкты сактоону, дүкөндө азыраак адам болушун көзөмөлдөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM