Биз менен байланышыңыз

Apple АКШдагы башаламандыкта уурдалган гаджеттердин иштөө системасына бөгөт коет

Дүйнө , Кыска кабар | 5 Июн 2020 | 628 | 0

Apple АКШдагы башаламандык учурунда компаниянын дүкөндөрүнөн уурдалган iPhoneдорго бөгөт (блоктоп) коюп жатат. Мындай iPhoneдор иштебейт. Аны колдонууну каалагандар экранда түзүмдөрдү уурдалган дүкөнгө кайтарып берүүгө чакырган билдирүүнү жана «түзүм өчүрүлүп, көзөмөлдөнүп, жергиликтүү бийликке билдирилет» деген маалыматты көрүшөт. Бул тууралуу эл аралык басылмалар жазды.

Apple карантинден кийин дүкөндөрүн ачкан. Бирок башаламандык учурунда зыянга учурап калат деп кооптонуп, айрым дүкөндөрүн жапкан.

Компания Вашингтон, Лос-Анжелес, Сан-Франциско жана башка шаарлардагы дүкөндөргө зыян келтиргенин, алардын айрымдарында гаджеттер уурдалганын кабарлады.

Уурдалган смартфондорду бөгөттөө жана көз салуу Apple үчүн кеңири жайылган процесс.  iPhoneго орнотулган атайын программа аппарат уурдалганда иштей баштайт.

Copyright © 2017 Maral FM