Биз менен байланышыңыз

«Apple» жаңы «iPhone SE» смартфонун тааныштырат

Дүйнө , Кыска кабар | 2 Янв 2021 | 918 | 0

«Apple» кезектеги смартфонун 2021-жылы сатыкка чыгарат. Бул тууралуу «CnBeta» өздүк булактарына таянып, билдирди.

Жаңы смартфон «iPhone SE-3» же «SE Plus» деп аталат. Маалым болгондой, анын экраны 6.06 дюймду түзүп, «iPhone-8 Plusга» окшош болот.

Адистердин айтымында, жаңы аппарат «Apple A-14 Bionic» чиби жана кош камера менен жабдылган. «IPhone SE Plus» 535 доллар турат.

Учурда «Apple» бул аппарат менен иштөөдө, модель 2021-жылдын башында сунушталат.

«Consumer Intelligence Research Partners» (CIRP) маалымдагандай, 2020-жылы «Apple» саткан смартфондордун 20 пайызын «iPhone SE» түзөт.

Copyright © 2017 Maral FM