Биз менен байланышыңыз

Apple жыл соңуна чейин 75 млн iPhone сатууну пландоодо

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Сен 2020 | 436 | 0

Apple компаниясы быйыл жаңы өнүмүн сатыкка чыгарууну пландаштырууда.

Алгач жаңы iPhone 5,4 жана 6,1 дюймдук эки жеткиликтүү версияда сатыкка чыгат.

Кийинчерээк смартфондун 6,1 жана 6,7 дюймдук версиялары чыгат. 6,7 дюймдук дисплей компаниянын смартфондорун орноткон эң чоң дисплей болот.

Түзмөктөр A14 процессорунда иштейт.

Компания жыл аягына чейин жалпысынан 75 миллион жаңы аппараттарды сатууну пландап жатат.

Компания күзүндө эки жаңы планшет — iPad Air жана Pro, ошондой эле жаңыртылган Apple Watch өнүмүн сатыкка чыгарат.

Copyright © 2017 Maral FM