Биз менен байланышыңыз

Ханзаада журналист Хашоггинин өлүмүнө жоопкерчиликти мойнуна алды

Дүйнө , Кыска кабар | 26 Сен 2019 | 720 | 0

Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салман «The Washington Post» басылмасынын журналисти Жамал Хашоггинин өлүмүнө жоопкерчилиги бар экенин билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

«Мен баарын өз жоопкерчилигиме алам, себеби, окуя мен кызматта экенимде болгон», — деди ханзаада америкалык PBS телеканалынын журналисти Мартин Смитке берген маегинде.

Белгилей кетсек, бул сөздөрдү ал «Сауд Аравиянын мураскер ханзаадасы» аталышындагы даректүү тасмага сүйлөп жатып айткан. Тасма 1-октябрда журналист Хашоггинин каза тапканынын бир жылдыгына карата эфирге чыгат.

Анын айтымында, ал бул окуяны болтурбай, көзөмөлдөшү керек болчу. Ошондой эле аты аталбаган чиновниктер ханзааданын байкоосунан сырт өз алдынча аракеттерге барышкан.

Буга чейин мураскер ханзаада Мухаммед бин Салман Хашоггинин өлүмү тууралуу коомго ачык билдирүү жасаган эмес. Сауд Аравиянын бийлик төбөлдөрү эле ханзааданын бул окуяга тиешеси жоктугун айтып келишкен. Журналисттин өлүмү дүйнөдө чуулуу окуяга айланып, ханзааданын карьерасына кара так калтырып, Сауд Аравия бийлигине карата бүдөмүк ойлорду жаратты.

Кошумчалай кетсек, «The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги өткөн жылдын 2-октябрында Стамбулдагы Сауд элчилигине керектүү документтерди алуу максатында барып, ошол бойдон кайра чыккан эмес. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Өлүмүнө бир гана күчтүү журналист болгондугу эмес, Саудия бийлигинин сырларын, элчиликтердин иштерин мыкты билген тыңчылык тарабы көбүрөөк себеп болгонун эксперттер айтышат.

Сауд Аравия журналист Хашогги өлтүрүлгөн Стамбулдагы имаратын арзан баага сатты

Copyright © 2017 Maral FM