Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия журналист Хашогги өлтүрүлгөн Стамбулдагы имаратын арзан баага сатты

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2019 | 729 | 0

Сауд Аравия бийлиги Стамбулдагы башкы консулдугун базар баасына салыштырмалуу 3 эсе арзан сатып ийген. Белгилеп өтсөк, бул жерде саудиялык журналист Жамал Хашогги (Кашыкчы) мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Мындай маалымат Habeturk каналында айтылды.

Маалыматка ылайык, бул имарат бир ай мурда эле сатылып кеткен. Кимге сатылгандыгы тууралуу так маалымат жок. Бул тууралуу РИА Новости агенттигинин Түркиядагы кабарчысы да тастыктаган.

Ал эми Сауд Аравиянын консулдугу Стамбулдун башка районуна, АКШнын консулдугу жайгашкан Сарыжер аймагына көчүрүлөрү кабарланды.

Habeturk каналы Сауд Аравия окуя болгон имаратты тымызын сатууга аракет кылганын белгилейт. Алардын айтымында, аны сатуу үчүн Түркиянын Тышкы иштер министрлигинен уруксат алышы керек болчу. Бирок министрликтин атын атабаган өкүлү мындай келишимден кабары жоктугун билдирген.

Эске салсак, февраль айында БУУнун баяндамасында журналист Жамал Хашогги мыкаачылык менен атайын уюштурулган өлүмгө кабылганы расмий жарыяланган. АКШ сенаты, Түркия журналисттин өлүмүнө Сауд Аравиянын мураскери, ханзаада Мухаммед бин Салман жоопкерчилик алышы керектигин айтышкан.

Сауд Аравиянын бийлиги журналисттин өлүмүнө шектүү катары 21 киши камакка алынганын кабарлаган. Расмий Эр-Рияд падышалыктын жогорку бийлиги, тактап айтканда, тактынын мураскери, ханзада Мухаммад бин Салмандын буга эч тиешеси жок экенин билдирип жүрөт.

Кошумчалай кетсек, «The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген журналист Жамал Хашогги өткөн жылдын 2-октябрында Стамбулдагы Сауд элчилигине керектүү документтерди алуу максатында барып, ошол бойдон кайра чыккан эмес. Кийинки жылдары журналист Эр-Рияддын саясатын кескин сындап келген.

Өлүмүнө бир гана күчтүү журналист болгондугу эмес, Саудия бийлигинин сырларын, элчиликтердин иштерин мыкты билген тыңчылык тарабы көбүрөөк себеп болгонун эксперттер айтышат.

Сауд Аравия журналист Хашоггинин өлтүрүлгөнүн тастыктады

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM