Биз менен байланышыңыз

Сауд Аравия журналист Хашоггинин өлтүрүлгөнүн тастыктады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Окт 2018 | 1156 | 0

Сауд Аравиясынын бийлиги журналист Жамал Хашокжи (Кашыкчы) Стамбулдагы элчиликте өлтүрүлгөнүн тастыктады. Бул тууралуу өлкөнүн баш прокурору Сауд аль Муажид мамлекеттик телеканалдан билдирди.

Маалыматка таянсак, Жамал Хашокжи элчиликтин ичинде болгон чатактын натыйжасында набыт болгон. Бул боюнча 18 киши кармалып, улуттук тыңчылык кызматтын жетекчисинин орун басары менен ханзаада Мухаммед бин Салмандын биринчи кеңешчиси  иштен алынды.

Саудия аталган журналисттин сөогү кайда экени жана кандай жол менен өлтүрүлгөнү тууралуу маалымат берген жок. Иликтөө уланып жатканын гана билдиришти.

Эске сала кетсек, Жамал Хашокжи 2-сентябрда Стамбулдагы Сауд элчилигине керектүү документтерди алуу максатында барып, ошол бойдон кайра чыккан эмес. Окуядан төрт күн өткөндө гана түрк полициясына элчиликтин ичине кирип тинтүүгө уруксат берилген. Түрк тарап журналисттин өлтүрүлгөнү тууралуу бир нече жагдайды эске салып, буга Сауд бийлигин күнөөлөп келгени менен каршы тарап бул айыптарды кескин түрдө четке кагып жаткан.

Кошучмалай кетсек, Жамал Хашокжи жылдар бою сауд бийлиги менен жакын мамиледе болуп, ханзаада Мухаммеддин кеңешчиси болуп кызмат өтөгөн. Саудиянын Афганистанга жиберген күч түзүмдөрүнүн арасынан орун алган Хашокжи кезинде терроризмдин символдук жүзү болгон Бин Ладен менен да мамилелеш болчу. Кийин экстремизм жана ваххабизмден алыстап, Саудиянын саясий жүрүшүнө карата айткан сын-пикирлеринин айынан жетекчиликтин каарына калган. Өлкөсүн таштап чыгып, өзү мурда ханзааданын кеңешчиси катары кызмат кылган АКШда баш калкалаган. Ал жерде таасирдүү The Washington Post гезитине макалаларды жазып турган. анын АКШ жана Сауд мамилеси, Жакынкы Чыгыштагы окуялар тууралуу макалалары абдан курч жана таасирдүү болчу.

Өлүмүнө бир гана күчтүү журналист болгондугу эмес, Саудия бийлигинин сырларын, элчиликтердин иштерин мыкты билген тыңчылык тарабы көбүрөөк себеп болгонун эксперттер айтышат.

 

 

Copyright © 2017 Maral FM