Биз менен байланышыңыз

Журналисттин өлүмүнө бир жыл: Хашоггини кантип өлтүрүшкөн (стенограмма)

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Окт 2019 | 1073 | 0

Өткөн жылы, 2-октябрда саудиялык журналист Жамал Хашшогинин киши колдуу өлтүрүлгөн. Бул окуя Сауд Аравиянын Стамбулдагы консулдугунда болгон. Жакында бул мыкаачылык менен орун алган өлүмгө бир жыл болот. Түркиянын Sabah гезити Хашшогини  консулдуктун имаратында кантип өлтүрүшкөн жана ал келгенге чейин эмнелер тууралуу сүйлөшүлгөн үндөрдүн стенограммасын жарыялаган. Сиздерге анын кыргызча которулушун сунуштайбыз:

**Сезимтал адамдарга окууга сунушталбайт!

13:02 – (Хашоггинин Сауд Аравия элчилигине келүүсүнөн 12 мүнөт мурда)

Мутреб (өлтүргөндөрдүн бири): Жасатты (денени) баштыкка салып чыгып кетсек болобу?

Тубейки (сотмедэксперт): Жок. Оор болуп калат. Ал узун бойлуу жана көлөмдүү эмеспи. Негизинен мен ар дайым денесинин табы кеткен жасаттар менен иштегенмин. Бирок “ыссыгы тарай элек” жасатты мүчөлөп көрбөптүрмүн. Ошентсе да кескенди билем, муну деле оңой эле жайгарам го… Негизи мен өлүктү мүчөлөп жатканда кулагыма наушник салып алам. Тамеки тартам, кофе ичем. Аны мүчөлөп бүткөнүмдөн кийин гана, баштыкчаларга бөлүп, чемоданга салып алып чыгып кете аласыз.

13:14  Мутреб: -“Курмандык” келдиби?

Жанкечти тобунан бирөө: -Ооба!

Журналист Хашоггини консулдуктун экинчи кабатына чакырышты.

Мутреб Хашоггини бөлмөдөн тосуп алды: — Өтүңүз? Биз сизди мекенге кайтаруубуз кажет. Сиздин атыңыз Интерполдун базасында бар экен.

Хашогги: -Мага карата козголгон эч кандай кылмыш иши жок. Сыртта мени келинчегим күтүп турат.

Мутреб Хашоггиден жанында телефону барбы жокпу, ал кандай маркада экенин сурады. Андан соң уулуна “абалы жакшы экенин, күтпөй эле коюусун” жазууну суранды.

Хашогги: -Жакында көрүшөбүз деп жазайынбы?

Мутреб: -Антип эмес, Стамбулда экениңизди, сизде баары жакшы экенин жазыңыз. Сиз менен байланыша албай калышса кабатыр болбосун.

Хашогги: -Эмне мени карактап жатканын жазбайынбы?

Жанкечтилердин бири: -Болгула батыраак!

Жанкечтилердин бири: -Костюмуңузду чечиңиз!

Хашогги: -Консулдукта мындай нерсе кантип болсун? Мен эч нерсе деп жазбайм.

Жанкечтилердин бири: -Батырак болуңуз!

Мутреб: -Жемал мырза, жазыңыз! Батырак болуңуз. Биз сизге жардам берүү үчүн сиз да бизге жардам беришиңиз кажет. Биз сизди Сауд Аравияга жиберишибиз керек, эгерде аракет кылбасаңыз ар нерсе болуп кетиши ыктымал.

Хашогги: -Мен бул жерде жүз аарчыны көрүп турам. Силер мага кандайдыр бир наркотик берейин деп жатасыңарбы?

Тубейки: -Биз сизди уктатып коебуз.

Хашоггиге уктатуучу дары беришет. Журналист эсин жоготордон мурда консулдуктагылардан оозун жаап коюусун өтүнөт. “Менде астма бар, тумчугуп калышым мүмкүн”,- деди Хашогги жана бул анын акыркы сөзү болду.

Андан соң анын башына баштыкты кийгизишет. Жанталашып тирешкен үндөр угулат. Ошондой эле аракет учурундагы диалогдор угулат: “уктадыбы?”, “башын көтөрүүгө аракет кылып жатат”, “басууну уланта бер”, “катуурак буусаң”. Оор дем алган үндөр угулат. Андан соң денени мүчөлөй баштайт.

Саат 13:39

Араа кантип иштеп жатканы тууралуу үндөр чыгат. Араа менен иштөө жарым саатка созулган…

Тилекке каршы, Хашоггинин сөөгү ушул күнгө чейин табыла элек. Сауд Аравия журналисттин өлүмүнө тийиштиги бар деп 21 адамды камакка алганын билдирген. Бирок эл аралык коомчулук сауд бийлигин журналисттин өлүмүн атайылап уюштурган деп сындап келет. Ал эми жакында эле Сауд ханзаадасы, тактынын мураскери Мухаммед бин Салман бул өлүмгө байланыштуу жоопкерчилик сезерин, анткени мындай уят окуя анын тушунда болгонун билдирген.

Жемал Хашшоги – мурун сауд королунун үй-бүлөсүнүн кеңешчиси болгон. Кийин королдук үй-бүлө менен ымаласы бузулган соң, өз каалоосу менен АКШга чыгып кеткен. Ал «The Washington Post» басылмасы менен кызматташып келген.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM