Биз менен байланышыңыз

Бишкекте ШКУ саммити өтүп жатат (программа)

Кыска кабар | 14 Июн 2019 | 539 | 0

Бүгүн Бишкекте «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын саммити башталды.

Президент Сооронбай Жээнбеков саат 10:00дөн тарта саммиттин конокторун «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясынан тосуп алып жатат.

Алдын ала түзүлгөн программа боюнча конгресс-холлдун кичи залында ШКУга мүчө мамлекеттердин өлкө башчыларынын кеңешинин тар чөйрөдөгү отуруму болот.

Саат 12:00гө ШКУга байкоочу өлкөлөрдүн башчылары келет.

12:00дө Шанхай Кызматташтык Уюмунун кеңейтилген форматтагы отуруму башталат.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен бир катар маанилүү документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

ШКУнун Бишкекте өтүүчү саммитине Орусия, Казакстан, Кытай, Тажикстан, Өзбекстан, Пакистандын президенттери жана Индиянын премьер-министри катышууда.

Саммитке байкоочу катары Ооганстан, Беларусия, Иран жана Монголиянын да президенттери да келген.

ШКУ саммитин 500дөй журналист чагылдырып жатат [фото]

Бүгүн «Кыргызстан-Индия» бизнес форуму өтөт

«Кыргызстан-Кытай» бизнес-форумунда 7,7 млрд долларга 24 келишим түзүлдү

Саммитке келген лидерлер жана учактар (сүрөт)

Copyright © 2017 Maral FM