Биз менен байланышыңыз

«Кыргызстан-Кытай» бизнес-форумунда 7,7 млрд долларга 24 келишим түзүлдү

Кыска кабар | 13 Июн 2019 | 934 | 0
"Кабар"

«Кыргызстан-Кытай» бизнес-форумуна 300дөн ашык ишкер катышты. Алардын ичинен кытайлык 80 компаниядан 150 өкүл бар. Мындай маалыматты Инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин директору Шумкарбек Адылбек уулу билдирди.

— Кыргызстандан 100дөн ашык ишкер катышты. Анын арасында ири жана орто компаниянын өкүлдөрү да бар. Анда 7,7 млрд. долларлык 24 документке кол коюлду, — деди Адылбек уулу.

Андагы келишимдер сууну кайра иштетүү, тоо-кен тармагы, агропарктарды куруу жана товардык биржаларды ачуу боюнча түзүлдү.

Кошумчалай кетсек, Си Цзиньпин мамлекеттик сапары менен Бишкекке келди. Бүгүн, 13-июнда президент Сооронбай Жээнбеков менен тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулар болуп, 14 документке кол коюлду.

Copyright © 2017 Maral FM