Биз менен байланышыңыз

ШКУнун отурумунун жыйынтыгында 30 документке кол коюлду

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 400 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Душанбе шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын кеңешинин отурумуна катышты. Анда ШКУга мүчө өлкө башчылары мамлекеттердин туруктуу өнүгүүсү, дүйнөдөгү туруктуулукту колдоо жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоо маселелерин карашты. Жыйын Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун төрагалыгында өттү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

  1. Шанхай Кызматташтык Уюмунун жыйырма жылдыгынын Душанбе декларациясы;
  2. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдарга терроризм, сепаратизм жана экстремизге каршы күрөшүү боюнча программасын бекитүү жөнүндө» чечим;
  3. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 2018-2023-жылдардагы баңгизатка каршы күрөшүү стратегиясынын программасындагы пункттарды ишке ашыруу боюнча планын (2021-2023-ж.ж.) бекитүү жөнүндө» чечим;
  4. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин эл аралык маалыматтык коопсуздукту камсыздоо маселелери боюнча 2022-2023-жылдарга карата кызматташуу планын бекитүү жөнүндө» чечим;
  5. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 2021-2023-жылдарга COVID-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык терс кесепеттерин жоюу боюнча биргелешкен чаралар планын бекитүү жөнүндө» чечим;
  6. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин коркунучтарга каршы туруу механизмдерин жакшыртуу жөнүндө» чечим;
  7. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысы жөнүндө» чечим;
  8. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун террорго каршы күрөшүү аймактык түзүмүнүн аткаруучу комитетинин директору жөнүндө» чечим;
  9. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун гимни тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» чечим;
  10. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун «Жашыл алкак» программасын бекитүү жөнүндө» чечим;
  11. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин 2022-2024-жылдар аралыгында айлана-чөйрөнү коргоо жаатында кызматташуу концепциясын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» чечим;
  12. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун башкы катчысынын өткөн жылдагы ишмердиги боюнча жасаган баяндамасын кабыл алуу жөнүндө» чечим;
  13. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун террор менен күрөшүү аймактык түзүмүнүн 2020-жылдагы иши тууралуу террорго каршы күрөшүү кеңешинин баяндамасын бекитүү жөнүндө» чечим;
  14. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун туристтик жана маданий борбору тууралуу жобону бекитүү жөнүндө» чечим;
  15. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун экономикалык форумунун концепциясын бекитүү жөнүндө» чечим;
  16. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун ортосунда өнөр жай өнүгүүүсү боюнча ички келишим тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө» чечим;
  17. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгы менен Араб мамлекеттеринин лигасынын катчылыгынын ортосунда ички келишим тууралуу меморандумга кол коюу жөнүндө» чечим;
  18. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгы менен Бириккен Улуттар Уюмунун соода жана өнүгүү боюнча конференциясынын катчылыгынын ортосундагы ички байланыш меморандумуна кол коюу жөнүндө» чечим;
  19. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгы менен Баңгизаттарын көзөмөлдөө боюнча эл аралык комитеттин катчылыгы ортосундагы кызматташуу меморандумуна кол коюу жөнүндө» чечим;
  20. «Иран Ислам Республикасын Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчөлүккө алуу жараянын баштоо жөнүндө» чечим;
  21. «Катар өлкөсүнө Шанхай Кызматташтык Уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө» чечим;
  22. «Египет Араб Республикасына Шанхай Кызматташтык Уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө» чечим;
  23. «Сауд Аравия Падышалыгына Шанхай Кызматташтык Уюмунда диалог боюнча өнөктөш макамын берүү жөнүндө» чечим;
  24. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын «Илим, технология жана инновация жаатында кызматташууну бекемдөө жөнүндө» билдирүүсү;
  25. Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекет башчыларынын «Азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» билдирүүсү;
  26. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын ортосундагы жаштар менен иштөө жаатында кызматташуу жөнүндө» келишим;
  27. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөттөрүнүн ортосундагы маданий мурастардын имараттарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө» келишим;
  28. «Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин маданият жана искусство жаатындагы жогорку жана орто билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташуу жөнүндө» меморандум;
  29. Шанхай Кызматташтык Уюмунун банктар аралык бирикмесин мындан ары өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясы (2022-2026-ж.ж.).
  30. «Шанхай Кызматташтык Уюмунун катчылыгы менен Евразия Экономикалык Комиссиянын ички кызматташуусу жөнүндө» меморандум.

Copyright © 2017 Maral FM