Биз менен байланышыңыз

Осмонбетов: ШКУ өнүгүп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 17 Июн 2019 | 728 | 0

Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешинин саммити Шанхай Кызматташтык Уюму менен теңтайлаша албайт. Анткени, ШКУ өнүгүп жатат. Мындай пикирин эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын V саммитинде тараптар максаттар тууралуу ой бөлүшөт. Аталган жыйын көз караштарды ачык айтууга аянтча боло алат.

Эске салсак, 15-июнда Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында Азиядагы кызматташтык жана ишеним чараларынын V саммити өткөн. Ал «Коопсуз жана гүлдөгөн чөлкөм» деген темада болгон. Азиядагы өз ара кызматташуу жана ишеним кеңешине Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Түркия, Орусия жана Египет баштаган 27 мамлекет кирет.

Copyright © 2017 Maral FM