Эртең, 15-майда Чолпон-Ата шаарында Шанхай Кызматташтык Уюмунун «Run the Silk Road» Ысык-Көл IX эл аралык марафону старт алат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик билдирди.

Маалыматка ылайык, марафон ШКУга мүчө өлкөлөрдүн интеграциясын чыңдоо, ички жана тышкы ивент-туризмди өнүктүрүү жана калк арасында сергек жашоо образын жайылтуу максатында өткөрүлөт.

Иш-чарага ШКУга мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышат.

Жарыш 15-майда саат 8:00дө Чолпон-Ата ат майданында старт алат. Марафондун алкагында ар кандай аралыкка чуркоо пландаштырылууда: марафон — 42 км 195 метр, жарым марафон — 21 км 97 м, 10 км, 3 км, скандинавиялык басуу 3 км.

Ушул жылдан тартып ШКУнун Ысык-Көл эл аралык марафонунда спортчулар нормативдерди аткарса, Олимпиада оюндарына, Дүйнөлүк чемпионатка жана Азия оюндарына лицензия ала алышат.

Кошумчалай кетсек, ШКУнун «Run the Silk Road» Ысык-Көл XI эл аралык марафону эпидемиялык абалга байланыштуу 2021-жылга жылдырылган. Аталган иш-чара Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин спорттук иш-чаралардын планына ылайык, 2020-жылдын 2-майында өткөрүү пландалган болчу.