Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Атада өрттөн куткаруу бөлүмүнүн курулушуна капсула салынды

Кыска кабар | 5 Апр 2021 | 1669 | 0

Бүгүн, 4-апрелде Чолпон-Ата шаарында жаңыдан курула турган өрттөн куткаруу бөлүмүнүн имаратынын пайдубалына капсула салуу болуп өттү. Бул имаратты куруу Кыргыз Өкмөтү, Кореянын эл аралык кызматташтык уюму жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде ишке ашып жатат. Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев, Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок жана БУУнун Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиза Чемберлейн катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Корея парламентинин төрагасы Пак Бёнг Сок дүйнө жүзү боюнча табигый кырсыктар күндөн-күнгө көбөйүп жатканына токтолуп, аны азайтуу ар бир өлкө үчүн маанилүү милдет болуп калганын кошумчалады. Ал ошондой эле табигый кырсыктардан коргонуу алкагында эки өлкөнүн улуттук потенциалын жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекетинин аракеттерин кубануу менен колдоорун баса белгиледи.

Ал эми Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев көрсөтүп жаткан жардамы үчүн Корея Өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Эскерте кетсек, 3-апрелде Кореянын Улуттук жыйынынын төрагасы Пак Бёнг Сок Кыргызстанга расмий иш сапары менен келген. Ал 5-апрелге чейин улана турган сапарынын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM