Биз менен байланышыңыз

Чолпон-Ата шаарында заманбап медициналык борбор ачылды

Бүгүнкү күндө өлкөнүн кээ бир аймактарында ооруканалар дале жетишсиз. Айрыкча, пандемия маалында Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында бул маселе курч экени байкалган. Мындан улам «Веданта Ысык-Көл» жеке ооруканасы ачылды. Анда бейтаптарга ар тармактуу медициналык кызмат көрсөтүлөт.

Эл аралык медициналык жогорку мектеби Чолпон-Ата шаарына «Веданта Ысык-Көл» медициналык клиникасынын экинчи кеңсесин ачты. Клиниканын башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Бул тууралуу аталган оорукананын директору Нурлан Асакеев билдирди. Анын айтымында, Чолпон-Атада медициналык жогорку мектеп 4 жылдан бери иштеп келет. Ал жакта жергиликтүү студенттер окуп, медициналык билим алат. Бул оорукананын ачылышы бир жагынан жергиликтүү калктын ден соолугуна кам көрүү болсо, экинчи жагынан аталган жогорку мектептин студенттерин практикалык жактан даярдоо, бүтүрүүчүлөрүн иш менен камсыздоо экенин белгилейт ал.

«Бул жерде Эл аралык медициналык жогорку мектеп 4 жылдан бери иштеп жатат. Студенттер окуган кампус ачылган. Окуу жайда медицинанын бардык тармагы боюнча бөлүмдөр бар. Алгач, клиникалык база түзүү маселеси көтөрүлүп, кеңсе ачуу жөнүндө ой келген. Бул саамалыкты кесиптештерим менен чогуу ишке ашырдык. Биринчи этапта биз жергиликтүү тургундарды тейлей турган жана студенттерибизди келечектеги кесиби боюнча окуткан медициналык борбор ачууну чечтик». 

Ал эми медицина илимдеринин доктору Гүлмира Биялиева клиникада кандай медициналык кызматтар көрсөтүлөрүн айтып берди. Дарыгер бул жерде эмгектенгендердин көпчүлүгү илимдин докторлору, баары эл аралык тажрыйбадан өткөн, жогорку квалификациялуу врач экенин айтат. Ооруканада бардык бейтаптарга өзгөчө мамиле жасалып, сапаттуу кызмат көрсөтүлөт. Ошондой эле ал медициналык борбордун ачылышына жергиликтүү тургундар үчүн кайрымдуулук акция уюштурулганын кошумчалады. Бүгүн медициналык борбордун ачылышына карата алгачкы кардарлар медициналык кароодон акысыз өттү.

«Бүгүн медициналык борбордун ачылышына карата акция уюштурулуп, бардык дарыгерлер жергиликтүү тургундарга акысыз кеңеш берип жатышат. Бул жакта кардиолог, терапевт, хирург, невропатолог, гинекологдор шаар тургундарын медициналык кароодон өткөрүүдө. Клиникадагы дарыгерлердин бөлмөлөрү жаңы технологиялар менен жабдылган, лаборатория жана ошондой эле операция бөлмөсү да бар. Жакын арада Чолпон-Ата шаарынын калкын медициналык текшерүүдөн өткөрүүнү пландап жатабыз». 

Жергиликтүү калк жаңы медициналык борбордун ачылышын чыдамсыздык менен күткөнүн айтат жергиликтүү тургун Канышай Болотова. Ал белгилеп өткөндөй, буга чейин шаарда мындай оорукана жок болчу. Болотова бүгүн клиникага гастроскопия кызматын алуу үчүн келген.

«Буга чейин Чолпон-Атада мындай клиника жок болчу. Бүгүн мен бул жакка гастроскопия кызматын алуу үчүн келдим. Дарыгерлер аябай жакшы мамиле жасап, баарын түшүндүрүп беришти. Биринчи келгенде аябай коркком, анан дарыгерден кеңеш алгандан кийин коркуу сезими тарап кетти». 

«Веданта Ысык-Көл» клиникасы Эл аралык медициналык жогорку мектеби тарабынан ачылган. Бул — экинчи кеңсеси, ал эми башкы кеңсеси Бишкек шаарында жайгашкан. Клиникада медицинанын бардык тармагында кызмат көрсөтүлөт. Эл аралык тажрыйбага ээ, жогорку квалификациялуу мыкты дарыгерлер заманбап жабдуулардын жардамы менен бейтаптын сакайып кетишине көмөк көрсөтөт.

Copyright © 2017 Maral FM