Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар форматта өтөт

Кыска кабар | 19 Авг 2021 | 484 | 0

Бүгүн, 19-августта Чолпон-Ата шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны тар форматта өтөт.

Иш-чарага Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларустун премьер-министри Роман Головченко, Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин, Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, Орусия Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович келет.

Жыйынга байкоочу катары Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Кубанын премьер-министри Мануэль Марреро Крус (видеоконференция аркылуу) катышат.

Эртең, 20- августта Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтөт.

Өкмөт башчылары ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өз ара жана тышкы соодасын камсыздоону колдоо, товарларды ташып чыгууда белгиленген бир жактуу тарифтик эмес чараларды жакындатуу маселелерин, ошондой эле экспорттук бажы алымдарын карашат.

Мындан тышкары, шайкештикти баалоо чөйрөсүндө аккредитациялоо боюнча Евразия аймактык уюмун түзүү маселеси жана күн тартибиндеги башка бир катар актуалдуу маселелер каралат.

Copyright © 2017 Maral FM