Биз менен байланышыңыз

Медведев ШКУ өкүлдөрүн улуттук акча менен эсептешүүнү талкуулоого чакырды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Ноя 2019 | 746 | 0

Ташкент шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынында Орусиянын Өкмөт башчысы Дмитрий Медведев ШКУга мүчө мамлекеттерге бирдиктүү валюта колдонуу боюнча маселени Орусияда талкуулоого чакырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

«Финансылык инфраструктура маселелерине көңүл буруу абдан маанилүү. Бирдиктүү валюта колдонуу эң жакшы демилге. Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин баардык банк жана каржы эксперттерин кийинки жылдын башында Москвада өтүүчү тегерек столго чакырам«, -деди Медведев 2-ноябрда Ташкентте өткөн жыйында.

Ошондой эле ал ШКУнун алкагында улуттук валюта колдонуу боюнча конкреттүү кадамдар ташталышы керектигин кошумчалады.

 

Copyright © 2017 Maral FM