Биз менен байланышыңыз

Президент эки күндүк иш сапары менен Москвага барды

Кыска кабар | 27 Фев 2020 | 664 | 0

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда эки күндүк иш сапары менен Орусиянын Москва шаарына келди. Бул тууралуу Президенттик Аппараттын маалымат кызматы билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушуу өткөрүп, анда кыргыз-орус мамилелеринин бүгүнкү абалы менен келечеги талкууланат.

Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу эриш-аркак жылынын ачылыш аземине катышат.

Ошондой эле Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен эки тараптуу жолугушуулар пландалган.

Иш сапардын алкагында, Президент Сооронбай Жээнбеков Белгисиз солдаттын мүрзөсүнө гүлчамбар коет жана Москва шаарындагы ВДНХ аймагындагы «Кыргызстан» павильонуна барат.

Copyright © 2017 Maral FM